Борбор калаага казакстандык ишканалардын өкүлдөрү келет

Жазылуу
Иш-чарага коңшу өлкөнүн 14 компаниясынын катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкекте казакстандык ишканалардын катышуусунда бизнес форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 3-октябрда борбор калаада уюштурулат. Ага коңшу өлкөнүн курулуш, машина куруу, медицина, химия жана автоунаа тармактары боюнча иш алып барган 14 компаниянын катышуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле анда эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү дагы жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0