Депутат: Таласта төө буурчактын баасы 35 сомдон көтөрүлбөй жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековВыращивание фасоля в Кыргызстане
Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү айыл чарба министрлиги дыйкандарга азыр жардам бербегенде качан жардам берет деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев учурда Таласта төө буурчактын баасы 30-35 сомдон жогору көтөрүлбөй жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү ошондой эле, Айыл чарба министрлиги продукцияларды экспорттоо үчүн дыйкандарга эмнеге жардам бербей жатканына кызыкты.

"Мына төө буурчак 30-35 сомдон көтөрүлбөй жатат, кара өрүк 7-10 сом болууда. Булардын бардыгы толук экспортко кете турган түшүмдөр. Айыл чарба министрлиги товарды экспортко чыгарууда жардам бербесе, эмне иш менен алектенет?" — деди Бокоев.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөгү азык-түлүктүк баасы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда арзан азык жокпу? ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү тамак-аштын баасы
Депутат андан сырткары, Кыргызстандагы суу сактагычтарда чогулган суунун 90 пайызы коңшу мамлекеттерге кете турганын айтып, мындай пайда алып келбеген объектилерди кармоонун канчалык кажети бар экенин белгиледи. Ал мисал катары Таластагы Киров суу сактагычында топтолгон суу 2 миң гектар сугат жерин басып калганын айтты.

Андыктан суу топтогону үчүн Кыргызстан коңшулардан компенсация талап кылып, же сууну товар катары сатуунун жолун караштыруу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0