MegaCom компаниясын сатуудан баш тартуу сунушталууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовПродажа MegaCom
Продажа MegaCom - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон компанияны буга чейин да бир нече жолу сатуу аракети болгон.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Рахат Тулебердиев "Альфа Телеком" ЖАКты (MegaCom соода маркасы) фондунун карамагында эле калтырууну каалай турганын маалымат жыйында билдирди.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
MegaCom операторуна кызыккан "АКА Инвест" оюнан кайттыбы
л ошондой эле 2018-2020-жылдарга карата менчиктештирүү программасы бекитиле электигин айтты. Аны өкмөт менен Жогорку Кеңеш жактыргандан кийин гана компанияны сатыкка коюу же койбоо тууралуу айтса болот. Тулебердиев ошондой эле аталган компания ийгиликтүү иштеп жатканын жана бул мамлекеттин үлүшү бар кирешелүү мекемелердин бири экенин баса белгиледи.

"Биздин расмий позициябыз MegaCom мекемесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунда калтыруу керек", — деди ал.

"Альфа Телеком" ЖАКтын 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык.

Уюлдук оператор былтыр 25-августта түз сатуу аркылуу аукционго коюлуп, баасы 19 миллиард сомдон 13,5 миллиард сомго чейин түшүрүлгөн

"Альфа Телеком" ЖАКы азыркыга чейин сатыла элек. Учурунда сатып алууну каалагандар чыкканы менен түрдүү себептерден улам ишке ашпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0