ОКӨФ "Кепилдик фондусуна" дагы 100 млн. сом бермей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековОКӨФтүн логотиби тартылган блокнот. Архив
ОКӨФтүн логотиби тартылган блокнот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кепилдик айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы сыяктуу маанилүү тармактарга берилмекчи

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу (ОКӨФ) "Кепилдик фондусу" ачык акционердик коомуна кошумча 100 миллион сом бере турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Каражат аймактардагы насыя алуу үчүн күрөөсү жок чакан жана орто бизнестин субъектилерине кепилдикти камсыздоого багытталмакчы.

"Кепилдик айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы сыяктуу маанилүү тармактарга берилет", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин март айында ОКӨФ "Кепилдик фондусуна" 100 миллион сом берген. 2018-жылдын 1-сентябрына карата 67,8 миллион сомдук 47 кепилдик, жалпы жонунан 251,3 миллион сомдук насыя берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0