Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

Министр: 2027-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн. доллар керектелет

167
(жаңыланган 11:51 05.10.2018)
Кыргызстан үчүн 2023-2031-жылдары тышкы карызга көп каражат керектелет.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстан тышкы карызды төлөөдө 2027-жылы эң көп каражат жумшап, сумма 400 миллион долларды түзөрүн парламенттин жалпы жыйынында айтты..

Министрдин маалыматында 2027-жылдан тарта сырткы карызга кетчү каражаттын көлөмү азая баштайт. Тышкы карызды төлөөдө негизги басым 2023-2031-жылдарга туура келет.

Быйылкы жылдын 31-августуна карата алынган маалымат боюнча мамлекеттик карыз 4 миллиард 395,02 миллион долларды түзөт. Бул 2018-жылга пландалган ички дүң продукциянын 56,4 пайызы. Анын ичинен сырткы карыз 3 миллиард 797,38 миллион доллар. Бул 48,7 пайызга барабар. Ички карыз 597,64 миллион доллар. Андан сырткары, быйыл сырткы карызды төлөөгө 13 миллиард 81,2 миллион сом каралган. Бирок министр валюта курсу өспөгөнүнө байланыштуу азыр кайта эсеп жүрүп, белгиленгенден аз каражат сарпталат деп ишендирди.

Депутат Аалы Карашев 2027-жылы сырткы карызды төлөөгө 400 миллион долларды мамлекет таба алаар-албасына кызыкты.

Касымалиев ал убакта карызды төлөөгө өлкөнүн дарамети жетерин белгиледи.

"2027-жылга чейин өлкөнүн киреше бөлүгү да, ички дүң продукциясы да тиешелүү акчаны төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы 2010-жылы мамлекеттин киреше бөлүгү 49 миллиард болчу, 2018-жылы 140 миллиард болду. Киреше ушул темп менен өссө, 2027-жылы 400 миллион долларды төлөөгө мүмкүнчүлүк бар", — деди министр.

Эл өкүлү өз кезегинде тышкы карызды тейлөө боюнча өкмөттүн так иликтөөлөрү болушу керектигине токтолду.

167
Белгилер:
киреше, Тышкы карыз, карыз, Адылбек Касымалиев, Аалы Карашев
Тема боюнча
Карашев Аалы Азимович. Өмүр баяны
Сарыбаев: Кытайга жер бербейбиз, болгону алар үчүн иштеп калабыз
Акча жана Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт

Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп

103
(жаңыланган 15:13 15.07.2020)
Соңку эки айда Кыргызстанда акчанын көлөмү кеминде эле 13 миллиард сомго чыкты. Мындай "барчылык" эмнеге байланыштуу жана кесепети кандай экенин Sputnik Кыргызстан сураштырып көрдү.

Бюджет менен калктын капчыгы бош, ал эми КР Улуттук банкынын маалыматында өлкөдөгү каражаттын көлөмү бардык рекордду кагарын укканда мындай көрүнүштү акылга сыйдырыш кыйын.  Аталган жагдайдын себебин тактоо үчүн серепчилерге кайрылып, бул баанын өсүшүнө алып келер-келбесин сурап көрдүк.

Азыноолак терминдер

Айлантуудагы акча — калктын насыялык уюмдардын кассаларындагы каражат калдыктарын эске алгандагы каражаты.

Акча базасы — каржылык (аманат) уюмдардын сом түрүндөгү айлантуудагы акчасы жана резервдери.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, ага кошумча, каржылык уюмдардын Улуттук банктагы бардык резервдери (чет элдик валюта жана сом) жана аманаттары.

Акча азбы же көппү?

Майдын башында акча көлөмү КР Улуттук банкынын негизги үч көрсөткүчү боюнча рекорд койгон. Улам жогорулап отуруп, июндун аягында дагы 13,2-16,7 миллиард сомго көбөйгөн (көрсөткүчкө жараша).

Кайрадан боор көтөрүп... РФтеги мигранттардын абалы жакшырдыбы

Ошону менен бирге эле пандемия импорттун бир топ бөлүгүн токтоткон, бардык ишканалар жана экономиканын бүт тармактары иштеген жок. Натыйжада быйыл казына 30 миллиард сомго кем толот, негизинен салык жана бажы төгүмдөрүнүн эсебинен. Ошол себептен Кыргызстан кырдаалды жөнгө салуу, анын ичинде маяна жана пенсияны берүү үчүн бюджетти колдоого да грант, насыя алууда. Калктын кирешеси да кыскарды, анткени көптөгөн тармактардын иши убактылуу токтоп же узак убакыт бою иштеген жок.

Эмнеге анда акча көп? Улуттук банктын түшүндүрмөсү

Өлкөнүн башкы банкы акча базасынын жана айлантуудагы акчанын өсүшүнүн негизги себеби катары "мамлекеттик каржы секторундагы чыгым операцияларынын көбөйүшүн" атайт.

"Бул операциялар маяна, жөлөк пул жана субсидия берүү, медициналык товар жана кызматтарды алуу зарылдыгынан, ошондой эле COVID-19дун таралышынын кесепеттерине байланышкан башка чыгымдар менен шартталган", — деп билдирет Улуттук банктан.

Каржы министрлигинин соңку маалыматына ылайык, мамлекеттик бюджеттин алгачкы беш айындагы чыгымдары 52,3 миллиард сомдон ашкан. Бул 2019-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 3,5 миллиардга көп. Мында кеп атайын каражаттарды эсепке албагандагы бюджеттик акча туурасында.

Көбөйүшүндө таң каларлык нерсе жок

Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, республикада май айынан тарта акчанын көлөмү өскөнүнө таң калып деле болбойт. 

Эксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова у здания ИА Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономист Нургүл Акимова

Ал төмөнкү себептерин санады:

  • карантиндик чектөөлөр майдын башында алына баштады, ага дейре рыноктук жана коомдук кызмат көрсөтүүлөр жана иштер, ошондой эле товарларды керектөө ооздукталып турган;
  • мурда калк эс алууга сарптаган бардык каражатын керектөө, медициналык кызмат жана дары-дармекке жумшаган;
  • бюджетке салык аз түшүп, бирок Кыргызстанга насыялык жана гранттык каражаттардын келиши токтогон жок;
  • акча базасынын көлөмүнө кайрымдуулук таасир этет, себеби мурда топтолгон каражат деп каралган акча керектөөгө жумшалууда;
  • мурун капиталдык курулуш жана ремонтко деп каралган бардык бюджеттик каражаттарды зарыл товар жана кызматтарды сатып алууга багыттай башташты.

ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Акимова белгилегендей, акыркы айларда жүк ташуу жана эл аралык соода акырындап калыптана баштаган. Кыргызстандыктар негизинен импорттук товарларды керектейт, андыктан алар канчалык көп сатып алган сайын каржы тутумундагы каражат айлануу ошончолук көп болууга тийиш.

"Бирок акча айлантуу бөлүгүндөгү тең салмактоочу учур эмгек мигранттарынын которгон акчаларынын кыскарышы болуп саналат. Башкача айтканда, эгер андай кыскаруу болбогондо, Улуттук банктын бардык үч көрсөткүчүнүн тең өсүшү көп болмок", — деп түшүндүрөт экономист.

Инфляция коркунучу барбы?

Акимованын айтымында, эгер жагдай өзгөрбөсө, дүрбөлөң токтобосо, инфляция 11-15 пайызга жетиши ыктымал. Эң оболу бул азык-түлүк жана медикаменттердин баасына чагылат.

"Менимче, инфляция товарлардын көптүгүнөн эмес, акча массасынын эсебинен, тагыраак, монетардык болот. Анткени акчанын баары (жеке жана мамлекеттик) керектөөгө кетүүдө. Мурда каржы балансталып бөлүнчү: бир бөлүгү топтолгон каражат катары калып, башка бир бөлүгү курулуш жана ремонтко, үчүнчү бөлүгү керектелген. Ал эми азыр баланс жок", — дейт серепчи.

Инфляцияга капиталдык курулуш же топтолгон каражатты толуктоого багытталган акча таасир этпей турганын баса белгилейт, себеби алар "тоңдурулуп, капиталга кошумчаланган".

Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө

"Керектөө акча айлантууну жандантат. Башкача айтканда, сиз көп товарды сатып алсаңыз, дүкөндүн кожоюнун товарды көп алууга түртөсүз. Инфляция – акча айлантуунун ылдамдыгынын өлчөгүчү", — деп түшүндүрөт Акимова.

Банктар тобокелдик жана потенциалдык жоготуулардын өсүшүнүн эсебинен, балким насыялар боюнча ченемдерди көбөйтүшү мүмкүн, бирок алар ансыз деле эң жогору. Ошондуктан КР Улуттук банкы инфляциялык көрүнүштөрдүн алдын алуучу чараларды көрүүгө тийиш.

Бирок Финансы министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Бактыбек Сатыбеков таптакыр башка ойдо. 

Представитель общественного совета Министерства финансов КР Бактыбек Сатыбеков в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Финансы министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Бактыбек Сатыбеков
"Адамдар карантин маалында бардык ресурстарын сарпташты, ал эми азыр психологиялык жактан чыгымдарын ооздуктап, эң зарыл гана нерселерди сатып алышууда. Көңүл ачууга чыгымдоого мүмкүнчүлүк жок, антпесе деле көп жайлар жабык. Соода борборлору бош, ал жакта сатуучулар гана отурат. Баанын өсүшүнө (инфляцияга) өбөлгө жок", — деп билдирет Бактыбеков.

Башка бир себеби катары ал сезондук факторду атайт.

"Жайкысын азык-түлүк тобунун баасы төмөндөйт, базарга жаңы түшүмдөн мөмө-жемиш жана жашылча келип түшөт. Бул багытта баанын өсүшү күтүлбөйт, тескерисинче ылдыйлайт. Жогорку инфляциялык көрүнүштөр болорун ойлобойм", — деп баса белгилейт адис.

Улуттук банк кандай инфляцияны болжоодо?

КР УБ билдиргендей, ушул тапта мамлекеттик каржы тармагынын чыгым операцияларын көбөйтүү инфляциялык басымдын себептеринин бири болуп саналат. Анын таасири дароо эмес кийинчерээк байкалат (убактылуу чеги — бир жылдай убакыт).

Беш айда Кыргызстандан чет жакка 163,7 млн. доллар которулду

Өлкөнүн башкы банкындагылар жалпысынан Улуттук банк жыл аягында инфляциянын орточо мааниси акча-насыялык саясаттын максаттуу багыттарынын орто мөөнөттүк алкагында 5-7 пайыздын чегинде болорун боолголой турганын айтышты .

103
Белгилер:
баа, насыя, инфляция, эксперт, экономика, Улуттук банк, акча
Тема боюнча
Кыргызстан чет жактан канча акча алып, канчасын коротту. Кыскача түшүндүрмө
Өкмөт быйыл саламаттыкты сактоо тармагына канча акча бөлүнгөнүн жарыялады
Буудайды оруп-жыйноо. Архив

Элеттеги дыйкандар менен ишкерлер 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

37
(жаңыланган 09:02 15.07.2020)
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен насыя берилет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоорунун алкагында элеттеги дыйкандарга жана ишкерлерге жалпы суммасы 3 миллиард 765 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-июлуна карата коммерциялык банктар аркылуу 7 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Насыялар төмөнкү багыттар боюнча колдонулган:

  • өсүмдүк өстүрүүчүлүккө — 388,3 миллион сом;
  • мал чарбачылыкка — 2 миллиард 435,8 миллион сом;
  • кластерге — 185,2 миллион сом;
  • кайра иштетүүгө — 391,9 миллион сом;
  • ун өндүрүүгө — 363,8 миллион сом.

Кыргызстан жеке тараптарга насыя берүү үчүн карыз алмай болду

Эскерте кетсек, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо — 8" долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Анын негизинде февраль айынын ортосунан баштап дыйкан-фермерлерге 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя бериле баштаган. Долбоордун жалпы суммасы быйыл 6 миллиард сомдон ашат.

37
Белгилер:
айыл чарба, өкмөт, насыя, ишкер, дыйкан
Тема боюнча
Кыргызстанда пандемияга карабай чакан насыя алгандар көбөйдү
Корумду — Балбай жолун оңдоого Араб өлкөлөрүнөн 116 млн. доллар насыя алынат
Жаңы конуш Калыс-Ордо. Архивдик сүрөт

Статусу жок жаңы конуш менен дачада жашагандар эми жөлөк пул ала башташат

0
(жаңыланган 16:31 15.07.2020)
Министр президент кол койгон мыйзамга ылайык, эми ата-энеси белгисиз, тоголок жетимдер дагы айына 2000 сомдон жөлөк пул ала турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Статусу жок жаңы конуш, дачаларда жашагандар эми социалдык төлөм ала башташат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде маалымдады.

Анын айтымында, 10-июлда президент аталган мыйзамга кол коюп, социалдык төлөм чегерүү эрежелери өзгөртүлгөн.

Түркиядагы кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пул ала башташат. Күчүнө кирген документ

"Буга чейин статусу жок жаңы конушта, дачада жашагандар социалдык төлөм ала алчу эмес. Эми алар кайрылган жерден жөлөк пул берилет. Бир айдын ичинде биз токтом, жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизип чыгабыз дагы 30 күндөн кийин жөлөк пул төлөнө баштайт. Бардык муктаж адамдарга кайрылган жеринен кызмат көрсөтүлүп, социалдык төлөм берилет", — деди Кочкоров.

Ал президент кол койгон мыйзамга ылайык, эми ата-энеси белгисиз, тоголок жетимдер дагы жөлөк пул ала турганын кошумчалады.

"Буга чейин аларга акча чегерилчү эмес. Эми банктык эсеп ачылып, 18 жашка чыкканга чейин ошол эсепке айына 2000 сомдон которула берет. 18 жашка толгондон кийин алар акчаны атайын эсептен алуу укугуна ээ болушат", — деди министр.

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Кочкоров турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдарды тез арада табуу, аларга жардам көрсөтүү боюнча автоматташтырылган электрондук база түзүлгөнүн кошумчалады. Базада татаал шартта жашаган балдар тууралуу толук маалымат камтылган.

0
Белгилер:
жаңы конуштар, жетим, каражат, эреже, мыйзам, жөлөк пул, Улукбек Кочкоров
Тема боюнча
Кочкоров: 20 миңдей адам жеңилдетилген түрдө майыптыгын күбөлөндүрөт