Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

787
(жаңыланган 11:01 13.10.2018)
Акыркы жыл ичинде чет өлкөгө которулган каражаттын суммасы кескин өскөн.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Август айында Кыргызстандан чыккан акчанын көлөмү рекорддук чекке жеткени Улуттук банктын маалыматында айтылат. Мында сөз жеке жактардын каражат которуулары тууралуу болууда.

Улуттук банктын сайтында 2005-жылдан берки маалымат бар.

Акчанын агымы былтыркы жылдан тарта көбөйө баштаган.

Августта сумма 51 миллион долларды түздү. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч өткөн жылдын октябрында катталган, чет жакка 47,1 миллион доллар которулган.

Эмне үчүн республикадан акча "чыгып кетип" жатканы тууралуу Sputnik Кыргызстан материал даярдаган.

787
Белгилер:
акча, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банк: элдин колунда мынча көп акча болуп көргөн эмес
Эмнеге Кыргызстандан акча сыртка "агып" кетет. Адистердин жообу
Пикирлер