БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкө аймагына Кыргызстандан эт азыктарын алып кирүүгө 12-октябрдан тарта убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалат.
Ошентип Казакстанга өз продукциясын экспорттоого укугу бар кыргызстандык беш ишканага убактылуу чектөө киргизилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Казакстандан канаттуулардын эттерин алып кирүүгө чектөө киргизген болчу.