Кыргыз тарап Казакстандан келген тоок этине киргизилген чектөөнү алды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТоок эти. Архив
Тоок эти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан Кыргызстанга лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын көрсөткөн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан Казакстандан импорттолгон тоок этине киргизилген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы куш тумоосу жайылууда деген шектен улам Казакстандан тоок эти менен бир катар продукцияны алууга убактылуу чектөө киргизген. Ал эми коңшу өлкөнүн тийиштүү министрлиги Алматы облусунда 10 жылдан бери куштардын дарты катталбаганын билдирип, Кыргызстанга кат жөнөткөн.

"Казакстан лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын көрсөттү. Ага ылайык, Алматы менен Түндүк-Казакстан облустарындагы куш фермаларында Ньюкасл менен куш тумоосу катталбаганы аныкталган. Буга байланыштуу Кыргызстан Казакстандан импорттолгон тоок этине киргизилген чектөөлөрдү алып салды", — деп айтылат маалымат.

Кечээ, 12-октябрда Казакстан тарап дагы Кыргызстандан кирген эт азыктарына убактылуу чектөө киргизди. Алардын айтымында, Кыргызстандагы малдын коркунучтуу оору менен ооруп жатканы боюнча маалыматтар текшерилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0