Мамлекеттик ипотека берүү кайра токтотулду. Себеби

© Sputnik / Михаил ДудинТурак үйлөр. Архив
Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания быйылкы жыл үчүн каралган 500 миллион сомдун баарын берип бүтүп, июль айында дагы жарым миллиард сом бөлүнгөн болчу.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Мамлекеттик ипотека берүү каражаттын жоктугунан август айынан тарта токтотулганын "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, компания быйылкы жыл үчүн каралган 500 миллион сомдун баарын тез эле берип бүткөн. Мындан улам июль айында кошумча дагы жарым миллиард сом алынган.

"Кошумча алган каражат да августта эле таратылып бүттү. Мындан улам дагы 500 миллион сом бөлүү боюнча өкмөттүн токтом долбоору даярдалды. Ал азыркы тапта макулдашуу үчүн министрликтер менен ведомстволорго жиберилди. Өкмөт жана президент бюджеттик каржылоонун көлөмүн жогорулатууну тапшыргандыктан жактырып беришет деген ойдомун", — деди Шамкеев.

Ипотека берген банкттардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарты. Тизме
Ипотека алууга кезекке турган мамлекеттик кызматкерлердин саны 6 миңге жетет. Ошондой эле кийинки жылы бюджеттик каржылоону көбөйтүү жагы да каралып жатканы айтылат. Азырынча 500 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканын коюму 8-10 пайызды түзөт. "Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча 3,5 миңден ашуун киши там-таштуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0