БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктардын колундагы акчанын көлөмү азая баштаганы тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында айтылат.
Жүгүртүүдөгү акча — бул насыя уюмдарынын кассасындагы каражаттын калганын эсептөө менен элдин колундагы акча.
1-октябрга карата колдогу акча 91 миллиард 290 миллион сомду түзгөн. Ал эми 1-сентябрда рекорд коюлган — 92,5 миллиард сом.