Быйыл Өзбекстанга 648 млн. сомго электр энергиясы сатылды

Жазылуу
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышы өттү.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,1 миллиард куб метрди түздү. Суунун топтолушу жакшы болгондуктан "Электрстанциялар" ААКы Өзбекстанга июндан августка чейин 648,2 миллион сомго 467,7 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорттоду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышында билдирди.

Боронов ошондой эле учурда Бишкек шаарынын аймагына канча тонна көмүр ташылып келгенин айтып, көмүрдү камдоо үчүн кол коюлган келишимдерге жана бекитилген план боюнча ишке ашып жатканына токтолду.

"19-октябрга карата Бишкек шаарынын аймагына 200,7 миң тонна Кара-Кеченин, 3,9 миң тонна Таш-Көмүрдүн көмүрү түшүрүлүп, 17,3 миң тонна импорттолду. 22-октябрга карата Бишкек шаарынын аймагында 280,4 миң тонна көмүрдүн запасы бар. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,2 миң тоннага көбүрөөк. 2017-жылы ушул маалда 258,2 миң тонна көмүр болгон", — деди Боронов.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Күн ысыса жылуулук берүү токтотулабы? "Электр станцияларынын" түшүндүрмөсү
Биринчи вице-премьер ошондой эле көмүргө болгон баанын өсүшүн токтотуу жана калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыздоо максатында Монополияга каршы күрөшүү агенттигине зарыл учурда көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча тапшырмалар берилгенин айтты.

Андан сырткары, көмүрдү казып алууда тартипти сактоо максатында октябрь айынын башында укук коргоо органдарына да тиешелүү милдеттенмелер коюлганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0