Парламентте эң аз жана эң көп пенсия канча экендиги айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов к Жогорку Кенеше
Заседание депутатов к Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун жетекчисинин орун басарынын ырасташынча минималдык пенсия 1000 сомдон башталат.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Кыргызстанда пенсиянын эң аз жана эң көп көлөмүнө кызыкты.

Депутаттар бүгүнкү жыйында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" КРдин мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кулов, Болжурова, Эркебаев... Аттуу-баштуу инсандардын пенсиясы канча
Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов пенсиянын көлөмү жарандардын алган айлыгына байланыштуу экенин айтып, эң аз пенсия 1000 сом болсо, эң көбү 100 миң сомго чейин жетерин белгиледи. Андан сырткары, камсыздандыруу төлөмдөрүн маалында төкпөгөндөргө пенсия чегерилбей турганын кошумчалады.

Бирок аткаминер Нурдиновдун жообуна канааттанбаган Нышанов ага 500 сомго жетпеген пенсия алган кишилер кайрылып жатканын маалымдады.

Ал эми депутат Экмат Байпакбаев өлкөдө канча пенсионер бар экенин, аларга канча каражат пенсия катары төлөнөрүнө кызыкты.

  Нурдинов учурда Кыргызстан боюнча 648 миң пенсионер бар экенин, аларга жылына 50 миллиард сомдун тегерегинде каражат төлөнөрүн билдирди.

Буга чейин октябрь айынан тарта пенсия жогорулай турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0