Экономика министри Олег Панкратовдун архивдик сүрөтү

Экономика министри Кыргызстанда баалар өсүшү мүмкүндүгүн айтты

281
(жаңыланган 10:50 09.11.2018)
Быйыл Кыргызстанда дефляция, тагыраагы, сом күчтөнө баштады.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар товарларга болгон баа төмөндөдү. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Министр дүйнөлүк соода жүгүртүүнүн темпи басаңдаганын, АКШнын кысымынан улам кытай экономикасы жайлап, Россиядан капитал кете баштаганын белгиледи.

Панкратов бул факторлордун бардыгы ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн экономикасына, анын ичинде Кыргызстанга түз жана кыйыр таасирин тийгизип жатканын билдирди.

"Анткен менен ушул жылдагы тогуз айга карата Кыргызстандагы абал макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча стабилдүү. Негизги өнөктөш мамлекеттерде валюта курсу өзгөрүлмө болуп жатканы менен Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли терс бойдон калууда (98,9 пайыз), башкача айтканда, дефляция болуп ички рыноктогу керектөөчү баа 1,1 пайызга арзандаган", — деди министр.

Бирок Панкратов соода-сатык боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн рыногунда түзүлгөн кырдаал Кыргызстандын ички рыногундагы баага таасир этиши мүмкүндүгүн белгилеп өттү.

"Экономика министрлиги ар дайым макроэкономикалык абалга көз салып турат. Соода-сатык жаатында өнөктөш өлкөлөрдөгү валютанын өйдө-ылдый болушунан зыян тартып калбаш үчүн кырдаалды жөнгө салууга багытталган бир нече пакеттерди даярдадык. Керек болгон учурда алар ишке киргизилет", — деди Панкратов.

Ал ошондой эле рубль долларга карата арзандап жатканын билдирип, мындай көрүнүш доллар менен которулган акчанын көлөмүнө таасир этиши мүмкүндүгүн белгиледи. Бирок сегиз айга карата акча которуулардын суммасы 1,4 миллиард долларды түзгөн (7,5 пайызга өскөн).

281
Белгилер:
доллар, экономика, Кытай, АКШ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Арынов: жакын арада авиабилеттердин баасы арзандабайт
Канчадан? 2-ноябрга карата азык-түлүктүн баасы
Бишкекте батирлер арзандайбы? Кыймылсыз мүлк рыногундагы баалар
Пикирлер