Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент жеңил автоунаасы жок экенин декларациясында көрсөткөн.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы декларациясын жарыялады.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир жылда 4 млн. сом айлык алган. Маянасы көп аткаминерлердин тизмеси
Былтыр өлкө башчысы 891 миң сом иштеп тапкан. Анын эки үйү (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкеси бар. Андан сырткары, МТЗ-80 үлгүсүндөгү тракторго ээ. Президент декларациясында жеңил автоунаасы жок экенин көрсөткөн.

Ал эми Жээнбековдун жакын тууганы 3,7 миллион сом тапкан. Анын батири, айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0