Акция, бал челек, мал жана компаниялар. Асылбек Жээнбековдун мүлкү

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер ЖК Асылбек Жээнбеков Шарипович
Спикер ЖК Асылбек Жээнбеков Шарипович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Асылбек Жээнбеков кандай кыймылсыз мүлккө ээ экени, канча киреше тапканы тууралуу отчет берген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун былтыркы жылы тапкан кирешеси 9,5 миллион сомду түзгөн. Толтурган декларациясына ылайык, эл өкүлү 1,5 миң чарчы метр аянтты ээлеген үйгө, эки жер тилкесине жана салынып жаткан курулуштарга ээлик кылат. Андан тышкары, бир жоопкерчилиги чектелген коом менен ишенимдүү башкарууга берилген акционердик компаниянын акцияларынын 91 пайызынын ээси болуп саналат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков менен анын туугандарынын байлыгы жарыяланды
Депутаттын 1 миллион 40 миң сомго бааланган малы бар, 350 миң сомдук бал челек кармап, 210 миң сом турган акцияга ээлик кылат. Мунун баары ишенимдүү башкарууга берилген. Декларациясында Жээнбеков жалпы наркы 715 миң сом турган эмереги жана 295 миң сомдук унаасы бар экенин көрсөткөн.

Депутаттын жакын туугандары 476 миң сом таап, бир миллион сом корогон. Андан тышкары, 480 миң сомдук баалуу таштары, жарым миллион сомдон ашуун акчага бааланган тиричилик, аудио, видео жана башка техникасы бар экени жазылган.

Жакын тууганы бир унаага ээлик кылат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун эмне мал-мүлкү бар экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0