Чаткалда Кытай компаниясы алтын кен иштетүүчү фабриканы ишке киргизет

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАлтын байытуу фабрикасы. Архив
Алтын байытуу фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалыматына караганда, "Куру-Тегерек" кенин иштетүүгө инвесторлор 10,5 миллиард сом сарптап, 500гө жакын жумуш орундарын түзгөн.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук "Кытай Алтыны" алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Анда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда декабрь айында ишке кире турган  "Кичи-Чаарат" байытуучу фабрикасынын маселелери талкууланган.  

"Өкмөт Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт. Кытай биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз болуп саналат, кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат, — деп белгилеген Абылгазиев.

Маалыматта Цзян Лянь-Ю өкмөткө ыраазылык билдирип, башка секторлорго да инвестиция салуу боюнча пландарын билдиргени айтылат. 

Белгилей кетсек, "Куру-Тегерек" кенин иштетүүгө инвесторлор 10,5 миллиард сом сарптап, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн.  

Жаңылыктар түрмөгү
0