Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев. Архив

Депутаттын мал-мүлктөн тапкан байлыгы жарыяланды. Бокоевдин декларациясы

266
(жаңыланган 13:22 08.11.2018)
Салык кызматы атка минерлердин өткөн жылга карата берген декларациясын жарыялаган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин жана анын жакын туугандарынын баасы 25 миллион сомго чукул мал-мүлкү бар. Бул туурасында парламентарийлердин 2017-жылга карата берген декларациясында айтылат.

Ага ылайык, депутат өзү былтыр 3,2 миллион сом иштеп тапкан. Эл өкүлү айыл чарба багындагы 16 жер тилкесине, жарым миллион сомго бааланган жылкыларга жана төрт миллион сомдук майда жандыктарга ээлик кылат.

Жакын туугандарынын кирешеси 27,5 миллион сомду түзгөн. Алар аянты 123 чарчы метрлик үйгө жана өндүрүш үчүн колдонулуучу объектиге (эмне экени так жазылган эмес) ээлик кылышат. Ошондой эле трактор, КамАЗ, чиркегич менен Lexus LX470 унаасы бар экенин көрүүгө болот. Мындан сырткары, 15 миллион сомго бааланган бодо мал жана 3,9 миллион сомдук майда жандык багышат. Алардын жылкыларынын баасы 1,2 миллион сом экендиги айтылган.

Натыйжада эл өкүлүнүн жана туугандарынын короосундагы малды кошкондо жалпы баасы 24,6 миллион сомду түзгөн.

266
Белгилер:
мал, декларация, депутат, Кенжебек Бокоев
Тема боюнча
Атамбаев былтыр 100 миллион сомдон ашык каражат тапкан
Иса Өмүркулов: эмне байлыгым болсо баары декларацияда көрсөтүлгөн
Пикирлер