Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары. Рейтинг

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаседание Жогорку Кенеша КР
Заседание Жогорку Кенеша КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым эл өкүлдөрүнүн чыгашасы кирешесинен ашып түшүптүр. Кээсинин кыймылсыз мүлкү көп болсо, бир даары жер тилкеси менен огородго гана ээлик кылат экен.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Эл арасында учурдагы парламент капчыктуу деген кеп бар. Бирок киреше жана чыгаша тууралуу декларацияга көз чаптырсак, бул сөз чындыкка коошпой калчудай.

Sputnik Кыргызстан агенттиги депутаттардын былтыркы жылы тапкан каражатын карап көрдү.

Көп акча тапкан депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин мурунку төрагасы, КСДПдан депутат Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, КСДПдан депутат Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, КСДПдан депутат Чыныбай Турсунбеков былтыр 39,3 миллион сом иштеп тапкан.

Көп акча короткон депутат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов
Депутат Жогорку Кенеша Исхак Пирматов - Sputnik Кыргызстан
"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов
Былтыр "Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов 26,8 миллион сом чыгымдап, 1,3 миллион сомго жетпеген акча тапкан. Анын туугандары 17,4 миллион сом коротушкан. Экинчи орунда 11,4 миллион сом менен Өмүрбек Бабанов турат.

Акционер депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Максат Сабиров
Депутат Максат Сабиров - Sputnik Кыргызстан
Депутат Максат Сабиров
Максат Сабиров (РАЖ) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун акцияларынын 0,01 пайызына ээлик кылат. Ал эми анын партиялашы, аталган аба майданынын экс-президенти Бакыт Сыдыков 0,07 пайызына ээ.

Үйү көп депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПдан депутат болуп келген Марат Аманкулов
Депутат Марат Аманкулов - Sputnik Кыргызстан
КСДПдан депутат болуп келген Марат Аманкулов
КСДПдан депутат болуп келген Марат Аманкуловдун 10 турак үйү бар. Чыныбай Турсунбеков үч батирге ээлик кылса, анын эң чоңунун аянты 214 чарчы метрди түзөт.

Мал-жандуу депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Иса Өмүркулов
Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Иса Өмүркулов
Жакында эле депутаттык манданттан баш тартып, MegaCom компаниясын жетектеген Акылбек Жамангуловдун 11,5 миллион сомго бааланган малы бар. Ал эми Иса Өмүркуловдун малы 21,1 миллион сомго бааланат.

Көлүгү көп депутат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Исланбек Сарсеитов
Депутат Жогорку Кенеша КР Исланбек Сарсейитов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Исланбек Сарсеитов
Исланбек Сарсеитовдун менчигинде ВАЗ, ГАЗ, Mercedes-Benz жана Volkswagen Golf үлгүсүндөгү төрт унаа бар. Белгилей кетсек, ал "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келип, жакында эле "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары болду.

Акчалуу тууганы бар депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев
Депутат Арапбаев Азамат - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев
КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев кесиптештерине салыштырмалуу анча деле көп акча таппаптыр, "болгону" 7,9 миллион сом. Бирок анын туугандары 158 миллион сом иштеп таап, рекорд коюшту.

Бал челекчи депутат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Асылбек Жээнбеков
Спикер ЖК Асылбек Жээнбеков Шарипович  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Асылбек Жээнбеков
Парламентте бал челек кармаган эки депутат бар. Бири — Асылбек Жээнбеков, экинчиси — Алмазбек Баатырбеков

Баалуу таш жана зер буюмдар

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCom компаниясын жетектеген Акылбек Жамангулов
Первое заседании 6 созыва Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясын жетектеген Акылбек Жамангулов
Жамангуловду жалпы баасы 2,9 миллион сомду түзгөн баалуу таштары менен зер буюмдары болсо, КСДПдан депутат Азамат Арапбаевдин 2,8 миллион сомдук "таштары" бар.

Эң кедей депутат

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Тариел Жоробеков
Депутат Тариел Жоробеков - Sputnik Кыргызстан
1/3
Депутат Тариел Жоробеков
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мухтарбек Айнакулов
2/3
Депутат Мухтарбек Айнакулов
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Аида Касымалиева
Депутат Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
3/3
Депутат Аида Касымалиева
1/3
Депутат Тариел Жоробеков
2/3
Депутат Мухтарбек Айнакулов
3/3
Депутат Аида Касымалиева

Декларациядагы маалыматка ылайык, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Тариел Жоробеков 148 миң сом тапкан, андан тышкары жер тилкеси менен огороду көрсөтүлгөн. КСДП фракциясынан депутат Муктарбек Айнакулов 563 миң сом иштеп тапса, анын партиялашы Аида Касымалиева 577 миң сом көргөн. Үчөөнүн тең же үйү, же унаасы жок экени көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0