"РусГидро": Кыргызстан 15-апрелге чейин доо арызга каршылыгын билдире алат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВосточный экономический форум. День первый
Восточный экономический форум. День первый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "РусГидро" Кыргызстанды Гаага сотуна бергени маалым болгон. Эми кыргыз тарап ага макул эместигин 2019-жылдын 15-апрелине чейин билдире алары айтылды.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россиялык "РусГидро" компаниясы Кыргызстан 2019-жылдын 15-апрелине чейин Гаага сотуна берилген доо арызга каршылыгын билдире аларын жар салды. Бул тууралуу маалымат аталган компаниянын сайтына жайгаштырылды.

Буга чейин "РусГидро" Кыргызстанды Гаага сотуна берген болчу.

"Арбитраждык териштирүү иштери башталганы боюнча Бишкек расмий маалымат ала элек деген билдирүүлөр чындыкка коошпойт. Арбитраж тууралуу 2018-жылдын 15-январында президентке, премьер-министрге, Экономика министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине, Юстиция министрлиги менен өкмөттүн алдындагы сот өкүлчүлүгү борборуна кабарланган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирмеде 2018-жылдын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен арбитраждык соттун курамы аныкталып, арбитраждык териштирүүнүн графиги түзүлгөнү белгиленген. 2018-жылдын 25-сентябрында процессуалдык буйрук менен бекитилген графикке жараша "РусГидро" 31-октябрда Гаага сотуна арызын берген. Ал эми кыргыз тарап 2019-жылдын 15-апрелине чейин берилген доо арызга каршылык көрсөтө алары айтылды.

MegaCom компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси айына 12 миң доллар айлык алып турган
Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирген. Келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өлкө башчысы 2016-жылдын 22-январында кол койгон, ал эми 9-августтан тарта келишим күчүн жоготкон.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын "РусГидрого" карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк ал компания төлөй албай калганы маалым болуп, келишим жокко чыгарылган.

Белгилей кетсек, буга чейин "РусГидро" Кыргызстанды Гаага сотуна берүүгө камынып жатканы кабарланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0