Өкмөт: электр энергиясын кымбаттатуу боюнча маселе көтөрүлгөн жок

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Экономика министри электр кубатына болгон тарифти жогорулатуу туурасында айткан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Электр кубатына болгон тарифти жогорулатуу боюнча маселе күн тартибине коюлган жок. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Буга чейин өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов энергетика мүмкүнчүлүгүнөн да ашып иштеп жаткандыгын айткан. Андан сырткары, рентабелдүүлүктү эске алганда, бул тармактагы тариф саясатын кайра карап чыгууну кошумчалаган.

"Рентабелдүүлүк үчүн электр кубатына болгон тарифтерди кайра карап чыгуу туурасында маселе мурдатан эле айтылып келе жатат. Анткен менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетиктерге техникалык жоготууларды болушунча азайтып, болгон чыгымдар менен зыянды жөнгө салуу боюнча айтты. Андан сырткары, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу маселесин койду", — деди Султаналиев.

Таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан таштандыдан электр энергиясын ала баштайт
Маалымат катчы бул жаатта премьердин учурдагы позициясын айткан.

"Мухаммедкалый Абылгазиев тарифтик саясат ар дайым түшүнүктүү жана негиздүү болушу керек деп эсептейт. Азыркы учурда да электр кубатына бааны көтөрүү маселеси күн тартибине коюлган жок", — деди маалымат катчы.

Ал өкмөт башчынын тапшырмасы менен учурда электр кубатын ириде элди жылуулук менен камсыздоого, жылуулук маалын үзгүлтүксүз өткөрүүгө багытталгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0