"Макмалалтын" менен чогуу ишкана түзүү боюнча сынак жарыяланды

© Фото / пресс служба "Кыргыз алтын"Горнорудный комбинат "Макмалзолото"
Горнорудный комбинат Макмалзолото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Макмал" алтын кени Казарман айылында жайгашкан. Учурда бул аймакка бир гана Нарын облусу аркылуу жетүүгө болот. Ал эми Жалал-Абад дубаны менен кирчү жол жылдын эки айында гана ачылат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Кыргызалтын" 14-ноябрдан тарта потенциалдуу инвесторлордон "Макмалалтын" комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алууну баштады. Бул тууралуу ачык акционердик коомунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу боюнча арыздар 30 күн аралыгында "Кыргызалтын" ишканасынын борбордук аппаратында кабыл алынат.

Жеңүүчү төмөнкү критерийлер менен аныкталмакчы:

 

  • "Макмалалтын" комбинатынын филиалы долбоору боюнча жергиликтүү элге максималдуу санда жумушчу орун берүү;
  • Кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу;
  • Кыска мөөнөттө алтын ылгоочу жаңы фабриканы ишке берүү же мурдагы турган алтын ылгоо фабрикасын модернизациялоо;
  • Долбоорду каржылоо башка уюмдардан же банктан эмес, потенциалдуу инвестордун өзүнүн каражатынан болушу;
  • Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондусуна жыл сайын салымдын өлчөмү (түшкөн пайда) 1 пайыздан кем эмес болушу керек;
  • Калкты жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү максатында тармактык эмес өндүрүштү уюштуруу (капиталдык салымдын суммасына жараша);
  • Тоо-кен казуу тармагында иш тажрыйбасы, анын ичинен башка өлкөлөрдө да иштеген болушу шарт.

 

Сынакка Кыргызстанда жана чет өлкөдө катталган юридикалык жактар, ошондой кыргызстандык жана чет элдик болгон жеке жактар катыша алат. Жеңүүчү ведомстволор аралык комиссия тарабынан беш жумушчу күндүн ичинде аныкталат.

Горнорудный комбинат Макмалзолото - Sputnik Кыргызстан
Тогуз-Торону баккан "Макмал". Жабыла турган комбинаттын багын инвестор ачабы
Комиссия курамына Экономика министрлигинин, Маммүлк фондусунун, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин, Тоо кен-металлургдар кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин, Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн аппаратынын, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын, Каргалык, Атай, Көк-Ирим, Сары-Булуң жана Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчылары жана "Кыргызалтын" компаниясынын өкүлдөрү кирген.

"Макмал алтын" кени тууралуу

"Макмал" алтын кени Бишкектен 630 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын камсыздап турган социалдык объекти 1986-жылы ишке кирген. Учурда миңден ашуун адам иштейт. 1986-1996-жылдары "Макмалда" кен ачык түрдө казылып алынып келген. Акыркы жолу 2012-жылдан киреше менен чыккан. Комбинат алгач 10 жыл гана иштейт деп ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0