Депутат Тиллаев: иштеген пенсионерлер же айлыгын, же пенсиясын алсын

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Таабалды Тиллаев
Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда 40 миң пенсионер мамлекеттик кызматта иштеп айлык да, пенсиясын да алат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев учурда Кыргызстанда пенсия үчүн 50 миллиард сом сарпталарын айтып, пенсиялык реформаны карап чыгуу керектигин кечээ, 15-ноябрда, парламентте 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.

Депутат "Кыргызстан пенсионерлердин мамлекетине айланып бара жатат" деди.

"Карап чыкпасак болбойт го. Пенсионерлердин мамлекетине айланып бара жатабыз. Өзгөртүш керек. Азыр укук коргоо органдарында иштегендердин көбү 30-35 жашында пенсияга чыгып, кайта эле иштеп, пенсия алып жатат", — деди эл өкүлү.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ал Социалдык фонддун башчысы болуп иштеп жүргөндө пенсия боюнча реформаны баштап, аягына чыкпай калганын билдирди.

Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалагынын башчысы Жеңишбек Мукамбето - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мукамбетов: пенсиянын аз же көп болуусу түздөн-түз айлык акыга байланыштуу
"Баарына текши, баарына түшүнүктүү, иштегендер пенсиясын кайра колуна ала тургандай, ден соолугу начарлар мамлекеттен пенсия ала турган системаны киргизишибиз керек. Биз азыр жакшы иштеген кишинин пенсиясын алып, иштебеген кишиге бөлүп берип коюп жатабыз. Ошон үчүн тең салмакталган пенсиялык система керек. Азыр бул боюнча жаңы жетекчи да иштеп жатат, буюрса аны аягына чыгарабыз", — деди премьер.

Депутат Тиллаев азыр канча мамлекеттик кызматкер пенсияга чыгып, акча алып жатканына кызыкты.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев пенсионерлердин жалпы саны 648 миң киши экенин, анын ичинен 40 миңден ашык пенсионер иштей турганын айтты. Андан сырткары, алардын 90 пайызы мамлекеттик мекемелерде эмгектенери белгилүү болду.

Эл өкүлү премьерге кайрылып, 40 миң киши айлык да, пенсия да алып жатканын эскертип, бул жаатта иш алып баруу керектигине токтолду.

Өз кезегинде Абылгазиев мыйзамда 65 жашка чейин мамлекеттик кызматта иштесе болот деп жазылып калганын айтты.

"Кээ бир жетекчилер пенсияга чыгыптырсыз деп сыйлап узатып коюп жатат. Айрым пенсионерлер кетпей эле иштеп жатат. Мисалы, бир катар өлкөлөрдө иштеген пенсионерлер мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн базалык бөлүктү албашы керек. Бүгүнкү күнү ал Кыргызстанда 1780 сомду түзөт. Айрым мамлекеттерде иштеген пенсионер иштеп айлыгын алат. Ал эми мамлекет тарабынан жеңилдик катары каралган акчасын албайт. Ушундай механизмдери бар. Бул маселени депутат Акылбек Жапаров каржы министри болуп турганда дагы көтөргөн", — деди өкмөт башчы.

Ал эми Таабалды Тиллаев "мамлекеттен маяна алган пенсионерлер же айлык акысын, же пенсиясын алсын" деген пикирин айтып, пенсия да, айлык да алган 40 миң киши Кыргызстан үчүн көптүк кыла турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0