Кыргызстан быйыл 10 айда 2 миң тоннадан ашык эт экспорттоду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭт продукциясы. Архив
Эт продукциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малдын ич эти алыскы АКШ менен Канадага чейин сатылууда.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Быйыл Кыргызстан 10 айдын ичинде 2 миң 100 тонна эт экспорттоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министрлигинин өкүлү билдирди.

Учурда депутаттар "2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карашты. Келишимдин долбоору үчүнчү окууга киргизилип жатат.

Майлуу-Суу электр лампа заводунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенүү кыйын! Убагында бул 9 товар Кыргызстандан бүт дүйнөгө тараган
Депутат Аалы Карашев 2017-жылы жана быйыл жыл башынан бери канча тонна эт экспорттолгонуна кызыкты.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү 2017-жылы болгону 440 тонна эт экспорттолгонун айтты. Ошондой эле Кыргызстандын эти учурда Иранга (жумасына 40 тонна) кетип жатканын белгилеп, андан сырткары, малдын ич эти аз-аздан болсо да Канада, АКШга чейин сатылып жатканын кошумчалады.

Карашев ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге канча эт экспорттолуп жатканын сурады.

Министрликтин өкүлү ЕАЭБдин ичине аз гана эт сатылып жатканын, негизинен кайта иштетилген эт азыктары экспорттолоруна токтолду.

"Кыргызстандын 49 ишканасынын бешөө эт азыктарын чыгарып, жөнөтө алат. Булар кайра иштетилген азыктарды — колбаса, пельмендерди даярдап чыгарууда", — деди ал.

Андан сырткары, жакында эле Россиядан атайын адистер келип мал сойгон үч жайды текшерип кеткенин, жаңы жылдан тарта чийки эт дагы экспорттоло баштарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0