КРдин эл аралык уюмдарга мүчөлүгү үчүн быйыл бюджеттен 450 млн. сом каралган

Жазылуу
Депутат эл аралык уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун карап чыгуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Депутат Аалы Карашев эл аралык айрым уюмдардагы Кыргызстандын мүчө болушу же болбошу керектиги тууралуу маселени карап чыгуу зарыл. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Карашев алгач эл аралык уюмдарга мүчө болуу үчүн Кыргызстан бюджеттен канча каражат бөлө турганын сурады.

Каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков 2018-жылы мүчөлүк үчүн бюджеттен 450 миллион сом каралганын, учурда анын 400 миллион сому төлөнгөнүн айтты.

Визит Антониу Гутерреша в Ош - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан БУУга мүчө болуп эмнеге жетишти? Акыркы 26 жылдын жүзү
Депутаттар бүгүнкү жыйында "2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты. Ал үчүнчү окууга киргизилген.

Байгончоков ошондой эле КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык, эл аралык уюмдарга мүчө болуу экиге бөлүнөрүн айтты. Биринчиси — бюджеттин эсебинен каржылана турган уюмдар, ага өкмөт же президент катышат, экинчи тизмедегилерди министрликтер өзүнүн бюджетинен каржылашат.

Эл өкүлү бул каражаттын баары эле мамлекеттик бюджеттен — элдин төлөгөн салыгынан кетип жатканын айтып, эл аралык уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кароону сунуштады.

"Ошондуктан ар бир эл аралык уюмдун иштөө эффективдүүлүгүн карап туруп, кайсынысына мүчө болуу керек дегенди кароо зарыл. Мисалы, ТИМдин системасы боюнча карасак, БУУнун үйүнө деп Женевада өкүл кармайбыз, ЖККУ (ОБСЕ) үчүн деп Венада (Австрия – автор.) элчилик бар. Бул жерде биздин 150-200 эле жараныбыз жашайт. Ошол эле учурда Италияда 5-7 миңге чейин кыргызстандык жашап иштейт, бирок ал жакта бир да өкүл жок. Ушундай нерселерди эске алсак", — деди депутат.

Парламентарийлер ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунда Кыргызстандын канча өкүлү бар экенин жана алардын алган айлыктары кызмат орундарына шайкеш келеби деп суроо салышты.

Өз кезегинде Байгончоков ШКУнун түзүмүндө Кыргызстандан алты киши иштей турганын жана алардын маянасы боюнча суроого кат түрүндө жооп бере турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0