Жылына 900 млн. сом тапкан Кыргызстандагы университеттер акчаны кайда жумшайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ
Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутаттын ырасташынча, Кыргызстандагы айрым университеттердин бир жылдык бюджети миллиард сомдон ашат.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы университеттердин тапкан акчасы айрым шаарлардын бир жылдык бюджетинен көп экенин билдирген болчу

Экс-депутаттын ырасташынча, жогорку окуу жайлары көп акча тапканы менен билим берүүнүн сапаты жана мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн эмес.

"Ушунча акчаны студенттерден чогултуп жаткандан кийин билим берүүнүн сапаты да жогорулашы керек, же ошол жерде иштеп жаткандардын айлыгы көтөрүлүп, имараттар жаңыртылышы керек. Андай көрүнүш көпчүлүк ЖОЖдордо байкалбайт", — деген ал.

Жамангуловдун айтымында, Улуттук университеттин бюджети 1 миллиард сом, Славян университетиники 500 миллион, Жалал-Абад мамлекекеттик университетиники 200 миллион, Ош мамлекеттик университетиники 1 миллиард сомдун айланасында.

Кыргызстандагы мамлекеттик жогорку окуу жайлар канча акча табат? Алар кандайча бөлүштүрүлүп, кандай муктаждыктарга сарпталарын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Государственный флаг Кыргызстана. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы ишканалар кайсы кесип ээлерине муктаж? Рейтинг
Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматы боюнча жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн каралган каражаттын чыгымдар ченеми КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы №370 токтому менен бекитилген.

Ага ылайык, жалпы каражаттын 76 пайызы профессордук-окутуучу курамына, персоналдын эмгек акысына жана Социалдык фондго чегерилүүчү чыгымдар болуп саналат. Каражаттын калган 24 пайызы төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

— билим берүү кызматын көрсөтүү процессинде керектелүүчү материалдарды сатып алууга (5 пайыз);

— транспорттук кызмат сатып алууга (0,1 пайыз);

— профессордук-окутуучу курамынын квалификациясын жогорулатууга (0,1 пайыз);

— коммуналдык кызматтарга (10 пайыз);

— имараттар менен бөлмөлөрдү оңдоого (4 пайыз);

— жабдуулар менен инвентарь сатып алуу жана учурдагы оңдоого (4,8 пайыз).

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш мамлекеттик университетине быйылкы бюджети 922 миллион 966 миң 500 сомду түзөт
Ош мамлекеттик университетине быйылкы бюджети 922 миллион 966 миң 500 сомду түзөт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош мамлекеттик университетине быйылкы бюджети 922 миллион 966 миң 500 сомду түзөт
© Sputnik / Михаил РогожинЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин быйылкы жылга бекитилген сметасы жалпысынан 561 миллион 126 миң 400 сом.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин быйылкы жылга бекитилген сметасы жалпысынан 561 миллион 126 миң 400 сом. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин быйылкы жылга бекитилген сметасы жалпысынан 561 миллион 126 миң 400 сом.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргыз-Россия славян университетинин бюджетинин жалпы эсеби 442 миллион 857,2 миң сомду түзөт.
Кыргыз-Россия славян университетинин бюджетинин жалпы эсеби 442 миллион 857,2 миң сомду түзөт. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кыргыз-Россия славян университетинин бюджетинин жалпы эсеби 442 миллион 857,2 миң сомду түзөт.
1/3
Ош мамлекеттик университетине быйылкы бюджети 922 миллион 966 миң 500 сомду түзөт
2/3
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин быйылкы жылга бекитилген сметасы жалпысынан 561 миллион 126 миң 400 сом.
3/3
Кыргыз-Россия славян университетинин бюджетинин жалпы эсеби 442 миллион 857,2 миң сомду түзөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Sputnik Кыргызстан агенттигинин расмий сурамына берген жообуна ылайык, жогорку окуу жайлардын бюджети контракттык формада окуган студенттердин окуу үчүн берген төлөмдөрүнөн, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдорго жыл сайын бөлүнгөн гранттык орундарга кеткен чыгымдар үчүн мамлекеттик бюджеттен берилген акча каражаттарынан түзүлөт.

Министрлик берген 14 жогорку окуу жайынын 2018-жылга карата бекитилген сметасы боюнча эң көп каражат Ош мамлекеттик университетиники. Аталган окуу жайга бюджеттен быйылкыга 60 миллион 206 миң 500 сом каралган, ал эми атайын каражаттан 862 миллион 760 миң сом түшөт. Жалпы сумма быйылкы жылы 922 миллион 966 миң 500 сом болот.

Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга кайсы өлкөдөн көп келип окушарын Статком маалымдады
Экинчи орунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети турат. Бул окуу жайдын быйылкы жылга бекитилген сметасы жалпысынан 561 миллион 126 миң 400 сом. Анын 48 милллион 126,4 миң сому бюджеттен каралса, атайын каражаттын эсебинен 513 миллион сом түшөт.

Үчүнчү орунда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети турат. Окуу жайдын бюджетинин жалпы эсеби 442 миллион 857,2 миң сомду түзөт. Анын 44 миллион 401,2 миңи мамлекеттик бюджеттен каралса, 398 миллион 456 миңи — атайын каражат.

Ал эми эң аз каражат тапкан жогорку окуу жайлар — Нарын жана Талас мамлекеттик университеттери. Быйылкы жылы Нарын мамлекеттик университетинин сметасы жалпысынан 49 миллион 749,2 миң сом (анын 17 миллион 063,8 миңи бюджеттен, 32 миллион 685,4 миң сому атайын каражаттын эсебинен) деп белгиленген. Талас мамлекеттик университетинин бюджети 37 миллион 880,6 миң сомду түзгөн. Анын 6 миллион 680,6 миң сому бюджеттен, 31 миллион 200 миң сому атайын каражаттан чогулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0