Ымыркай. Архивдик сүрөт

50 миң адам "балага сүйүнчү" ала элек. 200 млн. сом кайда кетет?

1380
(жаңыланган 18:55 27.11.2018)
Жыл башынан бери Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайга мамлекет тарабынан 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү пул төлөнүп берилүүдө.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 2018-жылдын январь айынан бери өлкөдө жалпы 82 миң 437 баланын ата-энеси сүйүнчү пул алган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бирок бул Кыргызстанда төрөлгөн балдардын санын көрсөтпөйт. Саламаттык сактоо министрлигинин болжолдуу маалыматтарына таянсак, жыл башынан ноябрь айына чейин Кыргызстанда 133 миң 459 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын санынан сүйүнчү пул алган балдарды кемите турган болсок, 51 миң калат. Башкача айтканда, 51 миң баланын ата-энеси сүйүнчү пул алуудан баш тартып же кандайдыр бир себептер менен албай калган. Эгер 51 миң баланын ар бири 4000 сомдон сүйүнчү пул алганда, мамлекеттин бюджетинен 204 миллион сом кетмек.

Албай калган ата-энелердин акчасы кайда жана эмнеге жумшала турганын Эмгек жана социалдык министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Сейит Туралиев төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Улуттук статистикалык комитеттин болжолдуу маалыматы боюнча быйыл 150 миңдей бала төрөлүшү божомолдонгон. Биз дагы ошого жараша бюджеттен акча бөлдүргөнбүз. Ал каражат Финансы министрлигинин казынасында болуп, ата-энелерден түшкөн арыздын негизинде министрликтен ай сайын сурап турабыз. Албай калган ата-энелердин сүйүнчү акчасы мамлекеттин бюджетинде эле калат", — деди Туралиев.

Эске салсак, сүйүнчү акчаны ата-эне бала төрөлгөндөн баштап алты айга чейин ала алат. Ал үчүн атанын же эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана банктык реквизиттер талап кылынат. Акча банктык картага бир жуманын ичинде түшөт. 

1380
Белгилер:
сүйүнчү пул, каражат, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Сүйүнчү акча бир айда эмес, бир жумада берилип жатат. Жөлөк пул тууралуу
Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу