Кыргызстан ЕЭАБ өлкөлөрүнө 4 сунуш киргизди. Абылгазиевдин сөзү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЕвразийский межправительственный совет в Минске
Евразийский межправительственный совет в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын борбор калаасында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Кеңири форматтагы жолугушууда Кыргызстандын премьери бир нече демилге көтөрдү.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында биримдикке мүчө мамлекеттерге Кыргызстандын бир нече сунушун айтты. 

© Sputnik / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев на Евразийском межправительственном совете в Минске
Премьер-министр РФ Д. Медведев на Евразийском межправительственном совете в Минске - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр РФ Д. Медведев на Евразийском межправительственном совете в Минске

Кеңири форматтагы жолугушууда өкмөт башчы ал демилгелер ЕАЭБдин алкагында кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

— биргелешкен ишкана түзүү максатында өлкөлөр аралык байланышты күчөтүү;

— мамлекеттер аралык программа түзүү жана айыл чарбасын колдоо механизмдерин иштеп чыгуу менен агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү;

— ЕАЭБдин бирдиктүү бренди менен товарларды өндүрүү жана жайылтуу;

— өнүгүүнүн бирдиктүү илимий-технологиялык программаларын кабыл алуу.

Кышкы дөңгөлөктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде кышкы дөңгөлөк менен жүрүү талабы коюлду
Мындан тышкары, Абылгазиев буга чейин Кыргызстан ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселесин демилгелегенин, бирок биримдикке кирген мамлекеттердин буга кызыгуусу жок экенин айтып өттү. Мындан улам аталган маселени карап чыгууну Евразиялык экономикалык комиссияга тапшырууну сунуштады.

Премьер-министр тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун, катышуучулар бир топ маселелер боюнча тил табышканын белгилеп кетти.

27-ноябрь күнү Минск шаарында Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин төрагалыгы алдында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0