Улуттук банктын канча алтыны бар жана кайсы жерде сакталып турат? Расмий жооп

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSСлитки золота
Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме ички рыноктон улуттук валюта менен алтын сатып алуу операциясын 2011-жылдан бери аткарып келет.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ушул тапта Кыргыз улуттук банкынын балансында 10,8 тонна алтын запасы бар. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Аталган мекеме ички рыноктон улуттук валюта менен алтын сатып алуу операциясын 2011-жылдан бери аткарып келет. Ушул убакка чейин эл аралык Good Delivery стандартына жооп берген 8,2 тонна алтын сатып алынды.

"Эң төмөнкү үлгүсү 995 деп бааланган ар бир куйманын көлөмү 12,4 килограммды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Банктан билдиришкендей, сөз болуп жаткан алтын запасынын бир бөлүгү Кыргызстанда, калганы чет элдик жогорку класстагы коммерциялык банктарда сакталып турат. Алар туруктуу финансылык абалын кармап, насыялык рейтинги абдан жогору деп бааланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0