Кыргызстан дүйнөдөгү коррупциялашкан 30 өлкөнүн ичине кирди. Рейтинг

Жазылуу
Ар кайсы мамлекеттеги паракорлуктун деңгээлин аныктоо үчүн көз карандысыз уюмдардын адистери бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө сурамжылоо кылат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк экономика форуму октябрь айынын аягында коррупция индекси боюнча жыл сайын жарыялоочу отчетун эл алдына алып чыкты.

Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туристтер үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
Ар кайсы мамлекеттеги паракорлуктун деңгээлин аныктоо үчүн көз карандсыз уюмдардын адистери бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө сурамжылоо кылат. Мында 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээли 1ден 100 баллга чейин ченелет. 100 упай коррупциянын жок экенинен кабар берсе, 0 балл өлкө паракорлукка белчеден батканын билдирет.

Отчеттогу маалыматтарга караганда, 30 жана андан төмөн упай алган 30 өлкөнүн ичинде көбүнчө Африка, Борбор Азия жана Түштүк Америка мамлекеттери бар. Мисалы, 30 упайдан Иран, Украина жана Гамбия топтогон.

Россия, Парагвай, Мексика, Лаос, Гондурас сыяктуу өлкөлөр 29 баллдан алышкан. Баса, булардын арасынан Кыргызстанды дагы көрүүгө болот.

Гватемала, Бангладеш, Мавритания, Ливан жана Кения — 28, Гвинея, Нигерия — 27, Уганда, Никарагуа — 26, Мозамбик, Камерун 25 баллдан алышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен коррупциялашкан өлкөлөрдүн ичинде 21 балл алган Тажикстан бар.

Паракорлук эң көп кездешкен төрт өлкө деп Чад (20), Ангола (19), Венесуэла (18) жана Йемен (16) табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0