Жайыттарга мөмө-жемиш бактарын тигүү сунушталып жатат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАлма багы. Архив
Алма багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 4,5 миллиондон ашык гектар жайыттар бузулууда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда көп колдонулбаган жайыттарга мөмө-жемиш бактарын тигүү сунушталууда. Жер жана токой жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров демилгелеп жатат. Анын ырасташынча, ишкерлердин басымдуу бөлүгү мөмө-жемиш бактарына инвестиция салууда. Бул өз кезегинде Кыргызстандын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бирок биринчи жарым жылдыкта жемиш менен жаңгак импорттоо 1,8 эсе көбөйгөн. Андыктан эл өкүлү жемиш бактарын көбөйтүүнү сунуштоодо.

"Багбанчылык үчүн чоң аймак талап кылынат. Жайыттар өлкө аймагынын 86 пайызын ээлеп, малдын жайыты катары колдонулууда. Көп жылдык тигилген өсүмдүктөр Кыргызстандын болгону 0,3 пайызын ээлейт", — деп жазылат долбоордун маалымат негиздемесинде.

Базардагы азык-түлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коңшулар чек арасын жаап алса, Кыргызстандын тамак-ашы канчага жетет?
Эл өкүлүнүн айтымында, айыл чарбага ылайыкталган жердин 5,3 пайызы эрозияга кабылган, ошондой эле жайыттардын 4,5 пайызы да бузулууда.

Жайыттарга көп жылдык мөмө-жемиш бактарын тигүү багбанчылыкты өнүктүрөт, андан сырткары, эрозиянын жайылышынын алдын алып, топуракты жакшыртат.

Жапаров жайыттарды 49 жылга ижарага берип, мөмө-жемиш бактарын тигүүнү, эгерде инвестор жерди 3 жыл аралыгында өздөштүрө албаса, келишимди жокко чыгарууну сунуштоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0