Бензин куюучу жай. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кескин кымбатташы ыктымал

490
(жаңыланган 23:32 03.12.2018)
Күйүүчү жана майлоочу майларды бажы төлөмүсүз алып келүү үчүн документтерге 1-октябрга чейин кол коюлушу керек болчу. Бирок дагы деле кол коюла элек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жыл жаңыргандан тарта Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кескин кымбаттап кетиши ыктымалдыгын КР Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Аталган мекеменин маалымдашынча, май Кыргызстанга негизинен Россиядан келет. Келишимдин алкагында күйүүчү май ташып келүүдө бажы алымдары алынбайт. Булардын бардыгы жыл сайын бекитилүүчү индикативдик баланстын негизинде белгиленет. Бул баланс быйыл 1-октябрга чейин тийиштүү органдар тарабынан макулдашылып, документке кол коюлушу керек болчу. Бирок ага бүгүнкү күнгө чейин кол коюла элек.

"Андыктан 2019-жылдын 1-январынан тарта Россиядан күйүүчү жана майлоочу май алып келүүдө бажы алымы көбөйөт деген коркунуч бар. Кыргызстанга алынып келген нефтепродуктуларга экспорттук алым кошулуп (декабрь айына болгон экспорттук алым 1 тоннага 40,5 долларды түзөт), ал өз кезегинде Кыргызстанда бензиндин баасын 2,5-3 сомго чейин кымбатташына алып келет", — деп айтылат маалыматта.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети менен өкмөткө аталган маселени чечүү үчүн бир нече жолу кайрылганын билдирди.

Ассоциация тийиштүү органдар менен өкмөт маселени убагында чечип, Кыргызстанга күйүүчү жана майлоочу майлар бажы алымсыз алынып келет деп үмүттөнөрүн маалымдады.

490
Белгилер:
баа, импорт, күйүүчү-майлоочу каражат, бензин, нефтетрейдерлер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бензини арзан өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
Пикирлер