Жээнбеков: Кыргызстанда инвестициялык аралча түзүүнү пландап жатабыз

Жазылуу
Мамлекет башчы бийлик өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай кадамдарды жасай турганын айтып берди.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстанда инвестициялык оазис түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Россия 24" телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Ал Кыргызстанды 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынганын, анда 2023-жылга чейин аткарыла турган приоритеттүү тапшырмалар бар экенин белгиледи.

"Эффективдүү мамлекеттик башкаруу, коррупция менен күрөштү күчөтүү, бизнестин ишине кийлигишүүнү азайтуу, орто жана кичи бизнести колдоо, кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана фискалдык саясатты либералдаштыруу аркылуу алдыга коюлган максаттарга жетебиз", — деди президент.

Мал сойуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө ЕАЭБдин стандартына туура келген мал союучу жай ачылмакчы
Жээнбеков алты жыл Ош облусунда иштегенин жана премьер-министр болгонун эскертип, көйгөйлөр менен тааныш экенин белгиледи.

"Аймактарды өнүктүрүүдө теңсиздикти жойгону жатабыз. Региондорду өнүктүрүү программасын кабыл алып, өсүш баштала турган 20 шаарды тандап алдык. Инвестициялык аралча түзүп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнесмендерди бирдей шарт менен камсыздайбыз", — деди ал.

Мамлекет башчы ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдеги башка өлкөлөр менен теңата атаандашып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0