Терек-Сайда алтын өндүргөн компаниянын иши убактылуу токтотулду

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖумушчулардын каскалары. Архив
Жумушчулардын каскалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания иштин токтошуна провокаторлорду айыптоодо.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын өндүргөн "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашты.

Компаниянын башкы директору Махин Тезджан окуяга комментарий берди. Ал жергиликтүү тургундар милиция тарабынан кармалган жарандарды бошотууну талап кылып эл митингге чыкканын белгиледи.

"Узак жылдар бою "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКнын лицензияланган аянтынан сурьма кенин мыйзамсыз түрдө казып алып жүргөн адамдардын тобу учурдан пайдаланып компаниянын жумушчуларын ишке чыкпоого үгүттөгөн. Бүгүнкү күндө түзүлгөн чагымдын айынан "Эти Бакыр Терексайдын" жумушчулары иш таштады", — деди башкы директор.

Хайдарканский ртутный комбинат в городе Айдаркен - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон сомдор! Кытайлык ишкана Алайдан сурьма кошулмасын чыгарып кеткен
Учурдагы кыйын кырдаалга байланыштуу тоо кен-шахталык техникалардын жана жабдуулардын жарактан чыгып калбашы үчүн компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердигин убактылуу токтотууга жана белгисиз мөөнөткө консервация кылууга мажбур болду.

Компаниядан маалымдашкандай, ишканада 350дөн ашык жумушчу эмгектенип келген. Алардын 96 пайызы жергиликтүү тургундар. Орточо айлык маяна 22,5 миң сомду түзөт.

Эске салсак, "Эти Бакыр Терексай" ишканасын кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышканы айтылган. Ачууланган айылдыктар чогулуп барып жаңжалдашкан. Арадан 27 күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери окуяга катышкан 15 кишини кармап кеткен. Буга нааразы болгон ата-энелер жана балдардын айылдаштары аларды бошотууну талап кылып митингге чыгышкан.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык") жана 341 ("Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу") беренелери боюнча иш козголгон болчу. 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, тогузун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0