БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюта кору ноябрь ичинде 2,7 миллион долларга азая түшкөнү Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Күздүн акыркы айында өлкөнүн башкы банкы сомдун курсун турукташтыруу үчүн үч ирет валюта саткан. Жалпысынан 53 миллион 580 миң доллар сатыкка коюлду.
Октябрдын соңуна карата резерв 2 миллиард 108 миллион 750 миң доллар деп көрсөтүлсө, бир айдан кийин туура 2,7 миллионго кыскарган.
Кыргызстандын эл аралык валюта резерви валютанын он түрүнөн, СDR жана алтындан турат. Алар эл аралык төлөм жүргүзүүгө, төлөм балансынын дефицитин жабууга жана улуттук валютанын кунун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.