БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россиядан күйүүчү майды бажы алымдарысыз алып келүүгө шарт түзгөн келишимге кол коюлганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
"6-декабрда Кыргызстандын премьер-министринин кийлигишүүсү менен индикативдик баланска эки тараптуу кол коюлду. 2019-жылга карата күйүүчү майдын маселеси чечилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Нефтетрейдерлер республиканы күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилешти.
Бул жылы 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель майы, 100 миң тонна авиакеросин, 50 миң тонна нефть ташып келүү белгиленген. Эми күйүүчү май 2019-жылы да ушундай эле көлөмдө келет. Россия эгер Кыргызстанда күйүүчү майга болгон талап күчөсө, белгиленген планды карап чыгууну убадалады.