"РусГидро" Кыргызстандан "Жогорку Нарын ГЭСтеринин" үлүшүн сатып алуусун талап кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Нарын ГЭСтеринин курулуш иштери. Архив
Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык компаниядан "Жогорку Нарын ГЭС" долбоорунун курулушуна жумшалган каражат боюнча компенсация алуудан баш тартпай тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "РусГидро" акционердик коому кыргызстандык "Электр станциялары" ишканасынан жабык түрдөгү "Жогорку Нарын ГЭСтери" ишканасынын акцияларын сатып алууну талап кылат. Бул туурасында аталган компаниянын сайтында жазылып турат.

Восточный экономический форум. День первый - Sputnik Кыргызстан
"РусГидро": Кыргызстан 15-апрелге чейин доо арызга каршылыгын билдире алат
Эске салсак, аталган ишкана Жогорку-Нарын каскадынын курулушу үчүн түзүлгөн. Россиянын "РусГидро" жана Кыргызстандын "Электр станциялары" 50 пайыздык акцияларга ээ. Долбоор башталып-башталбай түзүлгөн келишим жокко чыгарылган. Россиялык ишкана ага кеткен 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Ал эми "Электр станциялары" мамлекеттик ишкана болуп саналат.

Маалыматта директорлор кеңеши 2,5 миллиондук атайын акциясын же уставдык капиталдын 50 пайызын сатуу менен "РусГидронун" Жогорку-Нарын каскадынын курулушуна катышпай турганын колдогон.

"Компания "Жогорку Нарын ГЭСтери" ишканасындагы "РусГидронун" үлүшүн "Электр станциялары" өзүнө алышын жана долбоорго жумшалган чыгымдардын компенсациясын талап кылат", — деп айтылат маалыматта.

Компаниядан Кыргызстан "Русгидрого" макул эместигин билдирген доо арызын эл аралык арбитраж сотуна 2019-жылдын 15-апрелинен калтырбай жазышы керектигин айтышты.

Эске салсак, долбоордун наркы 727 миллион долларды түзгөн жана 238 мегаватттык төрт станцияны куруу пландалган. Анткен менен Россиядагы экономикалык көйгөйлөрдөн улам келишим 2016-жылы жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0