БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча президент бүгүн бүт дүйнө жүзүндө санариптик технологиялардын өнүгүшү болуп жатканын белгиледи.
"Санариптик технологиялар мамлекеттик башкарууну, элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, жалпы элдин жашоо деӊгээлин көтөрүүгө оң таасирин тийгизет. Жаңы технологиялар экономиканын көнүмүш секторлорун өзгөртүп, бизнести оптималдуу жүргүзүүгө жана экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот. Жасалма интеллект эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Маалыматтар базасынын өзү жаңы баалуулукка айланып баратат. Алдыбызда мурда болбогон жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда", — деди Жээнбеков.
Өлкө башчы келечек санариптик технологияларда экенине токтолуп өттү.
Ал мамлекетти дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калтырган бир катар көйгөйлүү маселелер бар экенин айтып, алардын негизгилерин белгилей кетти.
"Маалыматтык технологияларды киргизүүнү каржылоо жагы начар. Анын үстүнө санариптештирүү боюнча стратегиялык документ жок. Эӊ кейиштүүсү — санариптик кызматтарды көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Алар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат. Акыркы жети жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллардан ашык каражат жумшалган. Дээрлик 3,5 миллиард сом. Ага карабастан эл сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет", — деди Жээнбеков.
Өлкө башчы белгилегендей, бул иш мыйзам чыгаруу, сот процессин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин функцияларына тиешелүү. Айрыкча укук коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, банк системасын, салык жана бажы тармактарын камтышы керек.