Макмал алтын кенине 3 компания инвестиция салууга кызыкты

© Фото / пресс служба "Кыргыз алтын"Горнорудный комбинат "Макмалзолото"
Горнорудный комбинат Макмалзолото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү инвесторлордун берген сунуштары каралып чыгат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Макмалалтын" комбинатынын филиалынын базасына бирдиктүү ишкана түзүү боюнча сынакка үч компания табыштама жиберди. Бул туурасында "Кыргызалтын" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Жакынкы күндөрү катышуучулардын берген сунуштары каралып чыгат.

Ал төмөнкү компаниялар:

  • "Мансон Групп" ЖЧКсы;
  • "Шынкыйюан Фрунзе" ЖЧКсы;
  • "Борбордуказия металлкому" ЖЧКсы.

Буга чейин "Кыргызалтын" сынактын критерийлерин жарыялаган болчу. 

"Макмал алтын" кени тууралуу

"Макмал" алтын кени Бишкектен 630 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын камсыздап турган социалдык объекти 1986-жылы ишке кирген. Учурда миңден ашуун адам иштейт. 1986-1996-жылдары "Макмалда" кен ачык түрдө казылып алынып келген. Акыркы жолу 2012-жылдан киреше менен чыккан. Комбинат алгач 10 жыл гана иштейт деп ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0