Өкмөт суу, электр кубаты кымбаттайт деген маалымат боюнча үн катты

Жазылуу
Өкмөт мындай маалыматтар социалдык тармактарга жайылтылып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Суунун, электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү, КР жарандарынын пенсиялык жаш курагынын 2019-жылдын башынан тарта жогорулашы тууралуу маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай маалыматтар социалдык тармактарга жайылтылып жаткандыгы айтылды.

"Өкмөт тарифтерди көтөрүүнү да, жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок. Ошондой эле жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз", — дешти министрлер кабинетинен.

Буга кошумча, өкмөт жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0