Facebook тармагында ишкерлердин жабык тайпасы ачылды. Демилгечиси — министр

© Sputnik / Табылды КадырбековПланшет колдонуп жаткан адам. Архив
Планшет колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул демилгени министр Панкратов ушул жылдын август айында көтөрүп чыккан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Экономика министри Олег Панкратовдун демилгеси менен Facebook социалдык тармагында ишкерлер үчүн жабык тайпа ачылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган тайпага экономикалык маселелерди талкуулоого чындап кызыгуусу жана тийиштиги бар ишкерлер, адистер, аткаминерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү киргизилет.

Министрдин айтымында, социалдык тармактар аркылуу министрликтин ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн талкуулар бир топ жакшы жыйынтыгын берүүдө.

"Негизги кемчилиги — талкууларга фейктер аралашып кеткени. Алар же сүрөтүн же өзүнүн анык аты-жөнүн жазбайт. Ошол себептүү анын бул маселеге кандай тийиштиги бар экенин билбейсиң. Бул, албетте, талкуунун кадырын түшүрүп коюп жатат", — деди ал.

Тайпага сөзсүз түрдө министрликтин кызматкерлери кошулуп, ар кандай суроо-талаптарга ыкчам жооп берип турары айтылды.

Эске салсак, бул демилгени министр ушул жылдын август айында көтөрүп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0