Англия менен Индияга сатылган сурьма. Баткендин өндүрүшү кандай абалда

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул жолу Баткен облусундагы ишканалар жөнүндө сөз болот.

Баткен облусунда үч район (Баткен, Кадамжай, Лейлек), төрт шаар (Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Айдаркен), 31 айыл өкмөт, 2 кыштак бар. Аймакта жарым миллиондон ашык адам жашап, учурда ондогон ишкана толук кандуу иштейт.

Алтын, мрамор, кварц…

© Sputnik / Эмиль СадыровОблус аймагында кен иштеткен бир катар ишканалар бар. Алар сымап, көмүр, алтын, мрамор, кварц, темир, гипс өңдүү кендерди казышат.
Хайдарканский ртутный комбинат в городе Айдаркен - Sputnik Кыргызстан
Облус аймагында кен иштеткен бир катар ишканалар бар. Алар сымап, көмүр, алтын, мрамор, кварц, темир, гипс өңдүү кендерди казышат.

Облус аймагында кен иштеткен бир катар ишканалар бар. Алар сымап, көмүр, алтын, мрамор, кварц, темир, гипс өңдүү кендерди казышат. Мисалга, Айдаркен шаарындагы cоюздан калган сымап комбинаты ушул жылдын он айында 64,2 тонна сымап жана 10 тонна сурьма өндүрүп, Россия, Индия, Улуу Британияга чейин экспорттогон. Андан сырткары, ондогон көмүр шахталары жыл башынан бери 300 миң тоннадан ашык кара алтын казган.

Цемент, арматура

© AFP / MARK RALSTON Арматура
Завод по производству арматуры - Sputnik Кыргызстан
Арматура

Жыл башынан бери облустагы бир эле ири завод 752 миң тоннадай цемент өндүргөн. Ал ири өнөр жайында 700гө жакын жумушчу эмгектенет. Ишкана өлкөнүн түштүгүн курулуш материалы менен камсыздай алат. Ушул жылы ошондой эле арматура чыгарган өндүрүш ишке берилип, ал жакта 70 жумушчу иштей баштады.

Түркияга экспорттолгон тамеки

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКызыл-Кыяда тамеки ферментациялоочу завод бар. Аталган ишкана тогуз айда 350 тонна тамеки даярдаган.
Табачная фабрика в Латакии - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыяда тамеки ферментациялоочу завод бар. Аталган ишкана тогуз айда 350 тонна тамеки даярдаган.

Кызыл-Кыяда тамеки ферментациялоочу завод бар. Аталган ишкана тогуз айда 350 тонна тамеки даярдаган. Жыл соңуна чейин анын көлөмүн 1000 тоннага чейин жеткирүү аракетин көрүп, азыр продукция Түркияга жөнөтүлүүдө.

Баткендин белгилүү өрүгү

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткендиктер жыл сайын 100 тоннага чейин өрүк өстүрүп, 30 тоннадайын кургатып сатышат
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткендиктер жыл сайын 100 тоннага чейин өрүк өстүрүп, 30 тоннадайын кургатып сатышат

Баткендиктер жыл сайын 100 тоннага чейин өрүк өстүрүп, 30 тоннадайын кургатып сатышат. Жергиликтүү тургундар аны башка облустардын жана Россиянын базарына жеткирет. Мындан сырткары, дыйкандар күрүч, күн карама өстүрүүнү дагы колго алган.

Унаа тетиктери жана нефть

© Sputnik / Эмиль СадыровАта мекендик ЖЧК бул жылы 10,5 тоннадай чийки мунай затын өндүрүп, 198 миллион сомдук продукция саткан.
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Ата мекендик ЖЧК бул жылы 10,5 тоннадай чийки мунай затын өндүрүп, 198 миллион сомдук продукция саткан.

Аймактагы машина куруу заводу айыл чарба техникаларынын түрдүү тетиктерин даярдайт. Жумушчулар учурда чакан буюртмаларды алуу менен гана элек. Ошондой эле ата мекендик ЖЧК бул жылы 10,5 тоннадай чийки мунай затын өндүрүп, 198 миллион сомдук продукция саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0