Өлкөдө бизнесмендерди колдогон комитет түзүлүп, ага президент төрага болду

Жазылуу
Комитеттин мүчөлөрүнө маяна төлөнбөйт. Структура президенттин аппаратынын бюджетинен каржыланат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңешинин алдында өндүрүш жана өнөр жайды өнүктүрүү комитетин түзүү боюнча жарлыкка кол койду.

Пахта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияга чейин экспорттолгон пахта, тамеки... Ош облусунда эмнелер өндүрүлөт
Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Сооронбай Жээнбеков комитеттин төрагасы болсо, биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов анын орун басары болуп дайындалган. Жаңы структуранын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулук, адистер жана илимий-академиялык чөйрөдөгү адамдар кирген. Курам президент тарабынан бекитилип, мүчөлөр маяна албайт.

Комитет өндүрүш менен өнөр жайды өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлдү. Ал төмөнкү суроолор боюнча иштеп чыгат:

— ишкерликти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик оптимизация;

— аймактардын экспорттук жана атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

— улуттук инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө.

Структура президенттин аппаратынын бюджетинен жана мыйзамга каршы келбеген башка булактардан каржыланат.

Жарлыктын толук тексти менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0