Сауд Аравиясы Кыргызстанга 3,8 млн. доллар грант бөлөт. Каражат кайда жумшалат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүГорода мира. Джидда
Города мира. Джидда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык жабдуулар Кара-Кулжа менен Түп айылдарына берилет.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Сауд Аравиясы Кыргызстанга 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу, жабдуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификацияланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Документке Тунисте 3-апрель күнү кол коюлуп, Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында кабыл алган.

Каражат Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп, төмөнкү долбоорлорго жумшалат:

Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Европа биримдигинен 10 млн. евро грант келди. Акча эмнеге жумшалат
— 1245,2 миң доллар суммасында "Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуу";

— 960,0 миң доллар "Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу";

— 1440,0 миң доллар "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуу менен камсыздоо";

Мындан тышкары, гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллар консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0