Уйлар. Архивдик сүрөт

Январдан тарта фермерлерге сүттүү уй алуу үчүн лизинг бериле баштайт

1095
(жаңыланган 21:49 28.12.2018)
Долбоордун негизги максаты — сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде сүт кластерин өнүктүрүү.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылдан баштап сүттүү уйларды багууну көздөгөн фермерлер үчүн "Айыл банк" аркылуу лизинг берүү башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Долбоордун негизги максаты — сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде сүт кластерин өнүктүрүү. Келе жаткан жылдын январь айынан тарта бериле баштачу насыяларга жалпысынан 200 миллион сом каралган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов асыл тукум малды багуу боюнча эффективдүү жыйынтыктар болушу үчүн фермерлер арасында заманбап ыкмалары тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын күчөтүү керектигин айтты.

Ал эми адистер өлкөнүн сүт тармагынын ассортименти жүздөгөн аталыштарды камтып, андан ары толукталып жатканын белгилеп, мындан улам бул багыт азык-түлүк өнөр жайы тармагынын жүзү боло алат деген пикирде.

1095
Белгилер:
фермер, насыя, уй, сүт азыктары, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядан КРге ташылган нефтиден бажы төлөмү алынбайт. Путин келишимге кол койду
Малабаев: фермерлер текшерилген уруктарды себиши керек