Калк чет элдик инвесторлорду чочутпашы керек. Вице-премьер ишкерлерди коргоп чыкты

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер-министр КР Жениш Разаков
Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминер коомчулукка жайылтылган көбүнесе такталбаган жана жалган маалыматтар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизерин айтты.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жергиликтүү бийлик эл арасында тийиштүү иштерди жүргүзүп, инвесторлордун ишине тоскоол болбоону жана тигил же бул долбоорлорду мамлекет үчүн ишке ашыруунун экономикалык маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө тийиш. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу жана мыйзамсыз миграцияны жөнгө салуу боюнча жумушчу кеңешмеде айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Разаков кыргыз өкмөтүнүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири атамекендик экономиканын ар кыл тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу болуп саналарын белгилеген.

"Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салыкты көбөйтүүгө жана жер-жерлерде өндүрүштү өстүрүүгө шарт түзөт", — деди вице-премьер.

Ошону менен бирге ал коомчулукка жайылтылган көбүнесе такталбаган жана жалган маалыматтар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизерин айтты. Разаковдун айтымында, чет элдик инвестициялардын үлүшү бар экономикалык багыттагы объектилердин ишмердигине тоскоолдук кылган айрым учурлар бар.

Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Акматов: ишкерликти текшерүүгө эки жылга мораторий киргизилди
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү калк арасында тийиштүү иштерди жүргүзүп, аларга инвесторлордун ишине тоскоол болбоо зарылдыгын жана тигил же бул долбоорлорду мамлекетибиз үчүн ишке ашыруунун экономикалык маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө тийиш. Ошондой эле өлкөнүн аброюна терс таасир эткен такталбаган маалыматтарды коомчулукка жайылтууну жоюу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү кажет", — деди Разаков.

Вице-премьер кошумчалагандай, кээде айрым топтордун ишмердиги дагы өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна жана стратегиялык мамлекеттик-өнөктөштөр менен эки жактуу алакаларга терс таасирин тийгизет.

"Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым бир маселелер тек гана дипломатиялык жол менен чечилиши шарт", — деди Разаков.

Чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы тууралуу маселеге байланыштуу аткаминер маселе мамлекеттик тармактык органдар тарабынан тартипке келтирилип жана өзгөчө көзөмөлгө алынууга тийиш экенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга талкууланган маселелер боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0