Өлкөдө кир жуучу машина, радиатор чыгарын билесизби? 2018-жылы ачылган ишканалар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие Араванского цементного завода в Ошской области
Открытие Араванского цементного завода в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Аталган жыл соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги быйыл ачылып ишке берилген ири ишканаларды тизмектөөнү эп көрдү.

Өндүрүш жайларынын арасында айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен, курулуш материалдарын чыгарган жана түрдүү жабдыктарды чогулткан завод-фабрикалар бар.

Буурчакты кайра иштетүүчү завод

Октябрь айында Талас облусунда буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды. Ал ишкана жергиликтүү дыйкандар өстүргөн төө буурчакты тазалап, каптарга салып экспорттоого даярдайт. Завод 250гө жакын адамды жумуш менен камсыздап, күнүнө 250 тонна фасолду кайра иштете алат. Заводдун иштеши менен облус аймагында өстүрүлгөн буурчакты 30 мамлекетке ири көлөмдө сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Радиатор чыгарган завод

Күзүндө "Бишкек" эркин экономикалык аймагында курулган радиатор чыгарган ири завод ишке берилди. Ал 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылган ишканада үйдү жылыта турган радиаторлор жасалууда. Ишкананы ачуу үчүн 40 миллион доллар сарпталып, даярдалган продукция коңшу өлкөлөргө сатыла баштады.

Кыргыз-өзбек ишканасы

Оштогу кир жуучу машина чыгарган заводдун курулушуна Өзбекстандан 1 миллион доллар суммасындагы инвестиция тартылган. Ишканада 50-60 киши эмгектенип, анын алдына жылына 50 миң кир жуугуч машина чыгаруу планы коюлган.

Ош облусундагы жаңы завод

Аравандагы цемент заводу күзүндө толук кандуу ишке берилип, учурда ал жакта 450 жергиликтүү тургун иштеп жатат. Күнүнө 3000 тоннага чейин цемент чыгара турган ишкананы ачууга 86 миллион доллар сарпталган. Анын продукциялары өлкөнүн түштүгүндөгү үч облусту цемент менен камсыздап, Өзбекстанга да экспорттолууда.

Кыргыз-тажик цехи

Баткен облусундагы цех жылына 2400 тонна жер-жемишти кайра иштете алат. Анда өрүк, алма, шабдалы, ит мурун, кара өрүк жана жаңгакты кургатуучу, таңгактоочу жабдыктар бар. Азыркы маалда продукциялар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жөнөтүлүүдө.

Арматура заводу

Кытайлык компания 25 миллион сомдук инвестиция тартып келип Кызыл-Кыя шаарында арматура даярдай турган ишкана ачты. Курулуш материалын чыгарган өндүрүштө учурда 70ке чукул жумушчу эмгектенүүдө.

Кыргыз-кытай ишканасы

Жардыруучу заттарды даярдаган Кеминдеги ишкана жылына 10 миң тоннага чейин продукция чыгарат. Азыр заводдо жергиликтүү 60 тургун иштеп жатат. Өндүрүм жергиликтүү тоо-кен, курулуш тармактары боюнча иш алып барган компанияларга сатылат.

Курулуш материалдарын чыгарган завод

Борбор калаадагы темир-тезек чыгарган жаңы өндүрүш айына 11 миң тоннадай продукциясын базарга чыгарат. 100гө жакын адам иштеген завод курулуш материалдарынын бир нече түрүн даярдайт. Андан сырткары, аталган ишканада тротуардык плита, бетон блоктору чыгарылат. Алар айына 1500 чарчы метр брусчатка, 8500 даанага жакын бордюрларды кардарларга сунуштай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0