Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 46 млн. доллар берет. Акча эмнеге жумшалат?

© AFP / MAHMUD TURKIAАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугу жана сапатын жакшыртууга багытталган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Кыргызстанда Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга 46 миллион доллар бөлөт.

Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Келишимге ылайык, аталган долбоор жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугу жана сапатын жакшыртууга багытталган.

Долбоор үч курамдан турат:

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
2019-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд. сом кетет. Үрөй учурган график
1. Бишкек шаарынын борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун сапатын жогорулатууга багытталып 31 миллион доллар бөлүнөт. Анын 23 миллиону насыя, 8 миллион доллары грант. Насыянын төлөө мөөнөтү 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 6 жыл, ал эми пайыздык коюму 0,75 пайыз.

2. Экологиялык программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу чараларына 5 миллион доллар грант катары берилет;

3. Коомдук имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга 10 миллион долларлык грант.

Жаңылыктар түрмөгү
0