Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдөн келген этти жейт? Статистика

Жазылуу
Статистикага караганда, Кыргызстан этти көбүнчө Вьетнамга экспорттойт.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2017-жылы эт жана эт азыктарын эң көп Вьетнамга (785,5 тонна) экспорттогон. Ал эми мурдагы жылы эт менен эт азыктары өлкөгө көбүнчө Россиядан (18772,7) импорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Ага ылайык, 2017-жылы Кыргызстан жалпысынан 1 395,89 тонна эт жана эт азыктарын экспорттогон. Ал эми импорт 33 320,6 тоннаны түзгөн.

2018-жылдын январь-сентябрь айларында экспорт 1 082,2 тонна болсо, ал эми импорт 21 654,8 тоннага жеткен.

Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдөн келген этти жейт?

2017-жылы Кыргызстанга эт жана эт азыктары көбүнчө Россия (18772,7 тонна), Швейцария (4313,8) Украина (3110,4) Белоруссия (3018,2) жана Казакстандан (2262,3) келген. Андан сырткары, Бразилия, АКШ, Кытай, Италия, Литва, Канада, Германия, Армения мамлекеттеринен алынып келген.

Кыргызстан кайсы өлкөлөргө эт жана эт азыктарын сатат?

Эт продукциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан быйыл 10 айда 2 миң тоннадан ашык эт экспорттоду
2017-жылы Кыргызстан эт жана эт азыктарын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге экспорттогон. Атап айтканда, Вьетнамга (785,5 тонна), Казакстанга, (170,3), Иранга (161,8), Түркияга (86,4) жана Монголияга (71,4) жөнөткөн. Андан сырткары, Кыргызстандын эттери Кытайга, Гонконгго, Таиландга, Индияга жана Бириккен Араб Эмираттарына сатылган.

2018-жылдын сегиз айындагы абал кандай?

Былтыр сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан эт жана эт азыктарын көбүнчө Вьетнам (512,8 тонна) менен Иранга (278,1) саткан. Ошондой эле Гонконгго, Индияга, Египетке, Түркмөнстанга, Афганистанга экспорттогон.

Ал эми сегиз айдын ичинде Кыргызстанга эң көп Россиядан (16353,7 тонна), Украинадан (2272,3), Белоруссиядан (1117,5) жана АКШдан (937,5) эт жана эт азыктары импорттолгон. КРге өз азыктарын саткандардын алдында Казакстан, Литва, Белоруссия, Швейцария, Индия турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0