Электроунаа. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда электромобилдер мындан ары бекер каттоого алынат

200
(жаңыланган 12:20 09.01.2019)
Буга чейин электркыймылдаткычтуу машиналарды каттоо анын наркынын 5 пайызын түзүп келген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда быйылтан тарта электромобилдерди каттоо жана кайра каттоо бекер болорун Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалымдашынча, буга чейин электркыймылдаткычтуу машиналарды каттоо анын наркынын 5 пайызын түзүп келген. Ал эми кайра каттоодо автоунаанын наркынын 0,3 пайызын түзгөн. Эми ал нормага өзгөртүү киргизилүүдө.

Быйылтан тарта электромобилдер бардык төлөмдөрдөн бошотулду. Ал эми гибриддерди каттоонун баасы эки эсе азайды.

Белгилей кетсек, былтыр жайында Кыргызстанга жеке тараптар ташып кирген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлгөн болчу.

200
Белгилер:
каттоо, электромобиль, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Коопсуз шаар: Бишкектеги алгачкы камера тесттик режимде иштей баштады
Өлкө рыногун Европадан ташылган унаалар каптайбы? Автобазардын эртеңи тууралуу