БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча Бишкек менен Чүй облусундагы мектептерди оңдоп, курууга жумшалат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы Бишкек менен Чүй облусунда мектептердин жетишсиздигин белгилеп, коррупция менен күрөштөн түшкөн акча билим берүү борборлорун оңдоп-түзөөгө кетерин айтты.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча былтыр ачылган атайын эсепке учурда 700 миллион сомдон ашык каражат чогулду.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.
Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.
"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди жана шаар бийлигинин башка тийиштүү өкүлдөрүн кызматтан алуу тууралуу сунушун президентке жолдомой болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Буга Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы, Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болгону айтылды.
Маалыматка ылайык, бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө берилмек. Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылган.
“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу Өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат”, — деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун берди.
Ал эми Рыскелди Момбеков курулуш тармагындагы бардык коррупциялык схемалар мэрияда орун алып жатканын сынга алды.
“Мыйзам боюнча мэрди чакырганга биздин укугубуз бар. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты. Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, — деди Момбеков.
Жыйын соңунда тармактык комитеттин депутаттары курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо жана шаар бийлигине чара көрүү чечимин кабыл алды.